​“Калемпир оролгон каттагы” көпүрө салынды

  • 4 года мурун

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңешке келип катталып, депутат Төрөбай Зулпукаровго жиберилген катка калемпир оролгон сүрөт жарыяланганы эсиңиздедир. Андагы катта Ноокаттагы сел алып кеткен көпүрө тууралуу сөз болот. Транспорт жана жолдор министрлиги депутат Төрөбай Зулпукаровго көпүрө аларга караштуу эместиги тууралуу жооп жазган. Мына ошол көпүрө көйгөйү оң жагына чечилип, жакшы иш жасалып, көпүрө салыныптыр.

Коомчулукта талкуу жаралгандан кийин депутат Төрөбай Зулпукаров бул кат боюнча иликтөө иши башталганын билдирген.

Мына ошол калемпир оролуп, базарда жүргөн каттагы көпүрө салынып, иш оң жагына чечилгени маалым болду.

Бул тууралуу Мырзабек Конурович аттуу фейсбук колдонуучу билдирди.

«Бүгүн ошол өзү кичине болгону менен чоң талаш-тартыш жараткан КР Жогорку Кенешинин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун колдоосу, Ноокат шаар мэриясынын жана элдин каржылоосу менен курулган көпүрө бүтүп, пайдаланууга берилди. Анын тапшыруу аземине КР Жогорку Кенешинин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Ноокат акими Д. Маматалиев, Ноокат шаар мэри Ж. Нурдинов жана башка жетекчилер, шаардыктар катышгты.
Бийиктиги 4, туурасы 6, эни 7 метр болгон көпүрөнү “Грузо-Трейд” курулуш компаниясы курду, — деп билдирген ага Нуркамил Абдуллаев



«Калемпир оролгон кат» бул болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты