​Финансы министрлиги: Укук коргоо органдар бирдиктүү эсебине 1 млрд. 668,5 млн. сом түштү

  • 4 года мурун

Финансы министрлигинин борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 25-октябрына чейинки мезгилде укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсебине 1 млрд. 668,5 млн. сом топтоштурулду.

Атап айтканда:

— Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан – 769 092 413,61 сом;

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен – 313 291 977,11 сом;

— Башкы прокуратурасынан — 597 044 903,59 сом;

— Ички иштер министрлигинен — 7 085 821,72 сом келип түштү.

Бул эсеп экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоштуруу үчүн ачылган.

Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты