​УКМК мигрант болуп жашырынган кыргызстандык эл аралык террорчуну кармады

  • 4 года мурун

Улуцттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитети Сирия өкмөтүнө каршы күрөшкөн, жалданмачылык беренеси боюнча издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун кыргызстандык мүчөсүн кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун тургуну “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган Х.М. кармалды.

Ал 2015-жылы Сирияга кетип, диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп жана эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан.

Кылмыштуу максаттарын жашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн.

Азыркы убакта “Х.М.” Жалал-Абад шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты