Жыл аягына чейин кайгуул милициясы шаардын бардык районунда иштейт

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын эки районунда пилоттук тартипте кайгуул милициясы иштей баштады.

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков 4-ноябрда жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушууда айтылды.

Тамерлан Ибраимов 2019-жылдын аягына чейин долбоор бүт шаарды камтыйт деп пландалып жатканын билдирди.

Курсанттардын экинчи тобу ИИМ Академиясында окуудан өтүп жатат жана бир аз убакыттан кийин кызмат өтөөгө киришет.

Мындан тышкары, бош кызмат орундарына үчүнчү конкурс өтүүдө — тандалгандар дагы ИИМ академиясында окутулуп, ишке киришет.

Бишкек шаарынан кийин кайгуул милиция долбоорун жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын бөлүмдөрүн жана патрулдук-нөөмөт кызматын бириктирүү жолу менен Ош шаарында, андан соң бүт өлкөдө ишке ашыруу пландалууда.

2018-жылдын ноябрында Президентке Бишкек шаарында кайгуул милиция түзүү пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы сунушталып, Президент аны жактырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты