Насирбек Алмаматов изделүүдө

  • 4 года мурун

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов табылбай жатат. Ага издөө жарыяланды.

Жогорку сот аны камакка алуу чечимин чыгарды. Аны кармоо максатында жашаган жерине барып, кызматкерлер ордунан таппай калды.

Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланганын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

2018-жылы Бишкектин Октябрь райсоту Насирбек Алмаматовду транспорт каражаттарын каттоого алууда, айдоочулук күбөлүк берүүдө туруктуу коррупциялык схеманы жүргүзүп, пара алып турганына байланыштуу 12, 5 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок бул жылдын жайында Бишкек шаардык соту Аламамтовдун ишин кайра карап, жазасын 3,3 млн сомго айыпка жыгуу менен алмаштырган.

Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин четке кагып, Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ал чечим боюнча райондук соттун Алмаматовду 12, 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты