​Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимов 6-январга чейин камакта болот

  • 4 года мурун

Бишкектин Биринчи май районунда Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту улантылды.

Кубанычбек Кулматов сот отурумуна келген жок.

Сотто Кулматов менен Ибраимовдун бөгөт чарасы каралып, алар 6-январга чейин камакта болору тууралуу чечим чыкты.

Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда коррупцияга жол бергендиги боюнча айыпталууда.

Албек Ибраимов «Дастан» компаниясын жетектеген учурда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алгандыгы, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргендиги жана жер бөлүүгө тиешеси бар экендигине шектелип жатат.

Бул иштер боюнча бардыгы 14 киши сурак берүүдө

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты