​Кыргызстандыктар Доха шаарындагы көргөзмөгө катышууда

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасы Катар мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан (3-6-ноябры) эл аралык “Жибек жолу” көргөзмөсүнө катышып жатат.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрдигинин маалымат департаменти билдирди.

Иш-чаранын ачылыш аземинде Катар мамлектиндеги элчи Чыңгыз Эшимбеков көргөзмөнүн башкы уюштуруучусу Катар транспорт жана коммуникация министри Жассим бин Ахмед Аль-Сулайтини куттуктады.

Кыргызстандын экспорттук азыктарын Катар мамлекетине жылдыруу үчүн, элчилик Катардын “Виллажия” соода борборунда өзүнүн атайын дүкөнүн ачкан “Маңыз” компаниясына көмөк көрсөттү.

Аталган павильондо Кыргызстандын ар түрдүү бал сорттору жана кургатылган мөмө-жемиштери көрсөтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты