Экс-мэр Ислам Кадыров кишилерди электрошокер менен кыйнагандыгы үчүн кечирим сурады

  • 4 года мурун

Грозныйдын мурдагы мэри Ислам Кадыров калаа башчысы болуп турганда тургундарга каршы электрошокер менен кыйнагандыгы үчүн кечирим сурады.

Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги экс-мэрдин жергиликтүү «Грозный» телеканалына берген интервьюсуна шилтеме кылып билдирди.

«Менин актанууга акым жок, жүз пайыз күнөөлүүмүн. Кетирген каталарым үчүн кечирим суроого даярмын. Ошол эле маалда менин аракеттеримде эч кандай жаман ой болгон эмес, шылуундарга алданган адамдарга жардам бергим келген. <…> Мага 29 жолу наркоз берип, дарыланышым керектигин айтышкан. Бирок мен баарын туура кылып, кишилерге жардам берип жатам деп ойлогом. Азыр анын баары ката экенин түшүндүм» деди экс-мэр.

Ислам Кадыров – Рамзан Кадыровдун аталаш иниси. Ал Грозныйдын башчысы кызматына 2012-жылы 25 жашында шайланып, Орусиядагы эң жаш мэр болуп калган. Бул кызматта ал үч жыл иштеген.

Октябрдын ортосунда Чеченстандын мамлекеттик «Грозный» телеканалы экс-мэр Ислам Кадыровдун иштөө ыкмасы тууралуу баяндалган сюжет көрсөткөн. Ал мурдагы калаа башчынын электрошокер колдонуп, кишилерди коркутуп жатканы тартылган видеотасмалар менен коштолгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты