Кытай менен чектешкен аймакка соода-логистикалык борбор курулушу мүмкүн
- 4 года мурун
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдү Кыргызстандын Кытай менен чектеш аймагына соода—логистикалык борбор курууга чакырды.
Бул тууралуу ал ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ташкентте өткөн жыйынында билдирди.
— Бул долбоор ШКУ мамлекеттеринин транзиттик дараметин жана соода-экономикалык аймак аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталат. Аны ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзөт, — деп билдирди өкмөт башчы.
Абылгазиев бул долбоорду ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзө турганын кошумчалады.
ШКУ — 2001-жылы 15-июнда түзүлгөн, туруктуу иштөөчү өкмөт аралык уюм. Анын курамында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Пакистан, Индия, Орусия жана Кытай бар.
Төрт өлкө — Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия — байкоочу-мамлекет макамында. Алты өлкө — Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка — ШКУ диалогу боюнча өнөктөш.