Абылгазиев Мирзиёев менен жолугушту

  • 4 года мурун

Ташкент шаарына иш сапар менен барган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Өзбекстан мамлекет башчысы чек ара маселелерин чечүүдө жакшы жылыштар бар экенин, өзгөчө чек арага чектеш жайгашкан райондордун тургундары биргелешкен иш сезип жаткандыгын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, агрардык өнөр жай, маданий-гуманитардык кызматташуу тууралуу билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына Ташкент шаарына барган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты