​Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Жаңылыктар

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 31-октябрь күнү саат 07:02де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Майлуу-Суу шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма соз кызматы билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт.

ЖаңылыктарКыргызстанЖалал-Абаджер титирөөӨКМ