​Тажикстанда кармалган кыргызстандык жаран Асылбек Каримов мекенине кайтарылды

  • 4 года мурун

24-октябрда Тажикстанда кармалган кыргызстандык жаран Асылбек Каримов 1-ноябрда КР чек ара кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

31-октябрда Кыргызстан менен Тажикстандын тийиштүү органдарынын, чек ара кызматтары өкүлдөрүнүн ортосунда кыргыз жаранын өз өлкөсүнө кайтаруу маселес да көтөрүлгөн.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев Тажикстандын атайын кызматы баткендик жаранды чек ара эрежесин бузду деп коё бербей жатканын парламентте айтып, өкмөттү ушуга көңүл буруп коюуга чакырган.

Бошонгондон кийин Асылбек Каримолв аттуу жаран ЖМКга аны тажик тарап кыйнап келгенин билдирди.

24-октябрда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таш-Тумшук айылында 1985-жылы туулган Асылбек Каримов аттуу жаранды чек арадан мыйзамсыз өттү деген шылтоо менен атайын кызматтары кармап кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты