Мамлекетти түптөгөндөрдүн ысмын аздектөө боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 1-ноябрда, Жогорку Кеӊеште, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маарекесине арналган илимий-практикалык конференция болду.

Депутат Каныбек Иманалиев Абдыкадыр Орозбековдун ысмы жети тарыхый окуяга байланыштуу экенин тизмектеп берди. Анын айтымында, А.Орозбеков Кыргыз ССРинин биринчи уюштуруу курултайынын 1-спикери болгон. Ошондой эле ошол мезгилдеги аты башкача аталса дагы бүгүнкү түшүнүк менен биринчи премьер-министр, биринчи президент кызматтарында и штегенин айтты.

Мындан сырткары, Кыргыз ССРинин биринчи Конституциясын иштеп чыгууга катышканын, анын мезгилинде алгач жолу араб арибинен латын арибине өтүү маселеси чечилгенин тизмектеди. Депутат К.Иманалиев Абдыкадыр Орозбековдун башкаруу мезгилинде КР ССРинде билим сапаты 68%га көтөрүлгөндүгүн баса белгиледи.

Эл өкүлү бир топ кесиптештери менен чогуу жалпы эле репрессия курмандыктары болгон мамлекет түптөөчүлөргө татыктуу баа берүү, , ысымдарын аздектөө боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгылып, коомдук талкууга коюлгандыгын маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты