Шашылыш билдирүү: 4-5 –ноябрда суук болушу күтүлөт

  • 4 года мурун

4-5-ноябрда аба-ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бул тууралуу синоптиктердин маалыматына таянып, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан карга айланышы күтүлөт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы жана бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 5-6-ноябрда абанын температурасы абдан төмөндөшү ыктымал.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу;

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты