Премьер-министр Өзбекстанга учуп кетти
Жаңылыктар

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына Ташкент шаарына учуп кетти.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер белгиленген. Жыйындын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу пландалган.
Абылгазиев саммиттин алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Жаңылыктар
Жаңылыктар