Казакстанда чек ара бузуп өтүүгө жол берген жетекчилер жазаланат

  • 4 года мурун

Казакстанда чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып менен камакка алынган шинжаңдык казактар Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулы бир жылга соттолушу мүмкүн.

Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Дархан Дилманов билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары айыпталуучулардын кытай-казак чек арасынан өтүүсүнө жол берген кызмат адамдары, анын ичинде чек ара тозотунун башчысы менен командири жоопкерчиликке тартылышы керек.

Октябрдын башында Кытайдан качып келгенин айткан Мусаханулы менен Алимулы Алматыдагы миграциялык полицияга баратканда кармалган.

15-октябрда алар Кытай менен чектешкен Чыгыш-Казакстан облусундагы Зайсан шаарына жеткирилген. Учурда алар Өскемен шаарындагы тергөө абагында кармалып турушат.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы Кастер Мусаханулы менен 25 жаштагы Мурагер Алимулы 1-октябрда Кытайдын мамлекеттик чек арасынан өтүшкөн. Алар кытай-казак чек арасынын ортосундагы бейтарап аймакта беш күн жүрүп, 6-октябрда Чыгыш Казакстан облусунун Шиликти айылы аркылуу Казакстанга келишкен.

Алар Кытайдын аз улуттун өкүлдөрүнө карата жүргүзүп жаткан саясатына чыдабай, үй-бүлөлөрүн таштап, качып кетүүгө аргасыз болгонун айтышкан. Кастер Мусаханулы 14-октябрдагы маалымат жыйынында Шинжаңдагы “лагерде” болгонун, ал жерде ур-токмокко кабылганын айткан.

29-октябрда адвокат Бауыржан Азанов кытай жарандыгына ээ Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулына качкын макамын алууга жол ачкан күбөлүк бериле турганын билдирген.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты