Баткенде баңгизат алып бараткан жарандар кармалды
- 4 года мурун
Баткендин чек арачылары жана ИИМдин баңгизаттарын алып жүрүүгө каршы башкармалык кызматкерлери кыргызстандык эки жарандан 600 литр бангизат прекурсорун табышты.
1095-жылы туулган Т.А.С. жана 1984-жылы туулган Э.А.К. кармалып, алардан 600 литр баңги зат прекурсору алынган.
Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Кармалган жарандар андан ары иш-аракет жүргүзүү үчүн ИИМ баңгизатын алып жүрүүгө каршы башкармалыкка өткөрүлүп берилген.
Айта кетсек прекурсор бангизатттарын жана психотроптуу заттарды жасоодо колдонулат. Ал баңгизат каражаттарынын тизмесине киргизилген.
Сүрөт: Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү