​Депутаттар тобу радиоактивдүү заттарды иштетүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрүүдө

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилер – депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канатбек Керезбеков.

Тарактык комитет төрагасы Кожобек Рысбаев мыйзам долбоорунда өлкө аймагындагы мурда иштетилген радиоактивдүү заттардын калдыктары сакталган жайларды кайра иштетүүгө жана өлкө аймагынан сырткары жерден ташып келип иштетүүгө тыюу салуу чаралары каралганын айтты. “Ошондой эле, Өкмөттүн мыйзам долбоорунан торийди алып салуу сунушу кабыл алынган жок”, — деп кошумчалады ал.

Коомчулук арасында Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районунун аймагындагы Кызыл-Омпол жергеснде жайгашкан уран кенин жабуу маселеси кызуу талкууланган.

Ага улай, Жогорку Кеӊеш тарабынан өлкө аймагындагы уран кендерин иштетүүгө тыюу салуу боюнча токтом кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты