​Уран кени боюнча 17 лицензия берилген

  • 4 года мурун

Кыргызстанда уран кенин чалгындоого, казууга, иштетүүгө 17 лицензия берилген. Анын ичинде 6 лицензия уран кенине байланыштуу, калганы радиоактивдүү заттарды коштогон элементтерге тийиштүү.

Мурда белгилүү болгон сегиз уран кенинин үчөө Ысык-Көл аймагында, төртөө Чүй аймагында, бирөө Баткен аймагында жайгашкан. Мыйзам кабыл алынса, Өкмөт аларды жокко чыгарууга тийиш.

Бул тууралуу Жогорку Кенеш жыйынында уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзамды талкуулоо учурунда айтылды.

Жогорку Кеңеште уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты