Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору түзүлүүдө

  • 4 года мурун

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов эл аралык өндүрүүчүлөр тарабынан таанылган технология боюнча, капсулалык ыкма менен толук изоляцияланган күйбөс имаратка MDM (Meter Data Management System – энергетиканы ченөө маалыматтарын башкаруу) жабдуулары орнотулуучу сервердик имаратты монтаждоо иштери менен таанышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Кыргыз энергетикалык эсептөо борборун ишке киргизүү өлкөнүн бүтүндөй энергетика тутумунун тактыгын жана ачыктыгын камсыздайт.

Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору электр энергиясын жоготуулар, балансты түзүү, рыноктун бардык катышуучуларынын эсептөөлөрүн жүргүзүү боюнча маалыматтарды борбордоштуруу максатында түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты