​Депутат Кожобек Рысбаев ооруканаларга барып, оозу ачылды

  • 4 года мурун

Депутат Кожобек Рысбаев туугандары ооруп калып ооруканага барып, алардын абалына оозу ачылганын Жогорку Кеңеш жыйынында айтты.

—Ооруканага туугандар түшүп калып, 10 күндөн бери ал жакта болуп калдым. Ооруканалар ыйлагыдай абалга келип калыптыр. Премьердин, депутаттардын катышуусу менен жеринен таанышып келсек.

Кардиологияны карагыла, ымыркайлар болгону 4 койкада бала жатат, эшикке чыксаң 25 ата-эне ыйлап турат. «Экстренный» операция болуп, төртөө күтүп жатат.

Госпиталдын кебетеси, короосу…. Чогуу барып, ооруканалардын ал-абалы менен таанышып келсек, -деп айтты Рысбаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты