Бишкекте автоунаа саны 10 эсеге өскөн

  • 4 года мурун

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча автоунаа паркы 2010-жылдан тартып өлкөдө 3 эсеге көбөйүп, бүгүнкү күнү 1 миллион 348 миң автоунаа каражатын түзгөн.

Республиканын жолдорундагы авариялык абал калк жыш жайгашкан ири аймактардагы чоң көчөлөр менен жолдор тыгынга толгон.

Мисалга алсак, Бишкектин көчө-жол тармагы 40 миң автоунаага эсептелген. Ал эми, каттоо кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү 420 000 автоунаа бар. Бул 10 эсеге өстү дегенди түшүндүрөт.

“Бишкек-Торугарт” менен “Балыкчы-Ананьево-Каракол” унаа жолдору 7000 автоунаа каражаттарына туура келсе, жайкы маалда 40 000 автомототранспорт каражаттары бир күн ичинде өтөт.

Ушуга байланыштуу жол-транспорттук кырсыктардын саны өскөндүгү байкалат.

Андан сырткары, жол транспорттук кырсыктар айдоочулардын тажрыйбасынын жоктугунан жана жол кыймылынын эрежелерин билбегендиктен болот. Биздеги маалымат боюнча, жыл сайын республикада 65-70 миң жаран авто каражаттарын башкаруу үчүн күбөлүк алат.

Бул тууралуу ИИМдин 28-октябрда өткөн коллегиясында сөз болду.

Министр Кашкар Жунушалиевдин айтымында, ушул жылдын 9 айында республиканын аймактарында жол кырсыгы 4179дан 4694ка көп катталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты