​Сапар Исаков сот отурумуна кирди

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборунун модернизациялоо боюнча сот отуруму уланууда. Сотту Инара Гильязетдинова алып барууда.

Отурумга мурдагы премьер Сапар Исаков да келди. Мурдараак Сапар Исаков конвой бөлмөсүнөн чыкпай койгон.

«Мени бир күндө күч менен алып келишти. Ал эми Асанов менен Хавизовду бир айдан бери сотко алып келе албай жатышат. Биз мамлекетке келтирилген зыянды билгибиз келет» деди ал.

Свердлов райондук сотуна УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду күч менен алып барышкан.

Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев Исаковдун сотко күч менен алып келинишинде мыйзам бузулуп жатканын айтты:

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты