​Өзбекстандын аэропортторунда хиджабчан жүргүнчүлөрдү текшерүү күчөтүлдү

  • 4 года мурун

Өзбекстандын аэропортторунда хиджаб кийген кыз-келиндер текшерүүгө алынууда.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

– Паспорттук көзөмөл бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жоолук салынган кыз-келиндерди гана сүрөткө тартып, калгандарды жөн гана коё берип жатышты. Бирок орой мамиле жасашкан жок, – деди ташкенттик жүргүнчүлөрдүн бири.

Өзбекстандагы эл аралык аэропорттордун кызматкерлери чет өлкөлүктөр эмес, республиканын гана жарандары текшерүүдөн өтүп жатканын билдиришти.

Бирок алар текшерүү кайсы укуктук ченемдин негизинде жүрүп жатканын түшүндүрүп бере алышкан жок.

Буга чейин “Азаттыктын” өзбек кызматына президенттин жашыруун токтомунун көчүрмөсү тийген. Документте сакал коюуга жана хиджаб кийүүгө каршы кампания башталганы жазылган. Бул токтомдун негизинде хиджаб кийген жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыз-келиндердин атайын тизмеси түзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты