2020-жыл аягына чейин ар бир айыл өкмөт автоматташтырылган системага киргизилет

  • 4 года мурун

Автоматташтырылган системага 56 мамлекеттик органдын борбордук аппараты жана Бишкек менен Талас шаардык мэрияларынын аппараты кошулду.

2019-жылдын аягына чейин республика боюнча мекемелерге караштуу бөлүмдөрдү жана аймактык бөлүмдөрдү кошуу пландалууда.

2020-жылдын аягына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ар бир айыл өкмөткө чейин автоматташтырылган системага туташтыруу пландалды.

Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы саны 2000ге жакын.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты