​АКШ Түркмөнстандын тарыхый эстеликтерин калыбына келтирүүгө грант бөлдү

  • 4 года мурун

21-октябрда АКШнын Түркмөнстандагы элчиси Мэттью Климоу «Элчинин маданий мурастарды сактоо боюнча фонду» (AFCP) программасынын алкагында Түркмөнстанга 150 миң доллар өлчөмүндө грант бөлдү.

Каражат Түркмөнстандын маданий жана тарыхый эстеликтерди коргоо жана иликтөө башкармалыгына берилди.

Маалыматка караганда, грант Жибек жолундагы Даяхатын карбен-сарайын коргоо жана калыбына келтирүү долбоорун каржылоого жумшалат.

«Түркмөнстан хроникасы» билдиргендей, 2001-жылдан бери AFCP жалпы наркы 1,6 миллион долларга тете 26 долбоорду каржылады.

Муну менен Түркмөнстан маданий мурастарды коргоо боюнча башкаларга караганда эң көп грант алган өлкө болуп калды.

Бул тууралуу Борбор Азяи жаңылыктар кызматыф маалымдады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты