​Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү узартылды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим кабыл алды.

Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

«Камакка алуу бөгөт чарасы соттук териштирүү мезгилиндеги мөөнөткө чейин узартылды. Мыйзам боюнча бул мөөнөт эки айга созулат» деди ал.

Биринчи май райондук соту 20-августта Алмазбек Атамбаевди 26-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Мурдагы президент Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу э.б. боюнча оор жана өзгөчо оор кылмыштар боюнча айып тагылууда.

Сүрөт : Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты