​Орусия Сирияга кошумча аскердик полиция жөнөтөт

  • 4 года мурун

Бир жумадан кийин Сирияга кошумча 276 орусиялык аскердик полиция жана 33 техника жөнөтүлөт.

Бул тууралуу «РИА Новости» Орусиянын Коргоо министрлигиндеги өз булагына таянуу менен билдирди. Анын айтымында, Сириядагы орусиялык контингент “жаңы тапшырмаларга” байланыштуу көбөйөт.

Сыягы, сөз сирия-түрк чек арасын кайтаруу жөнүндө болуп жатат. Ушул жумада Орусия менен Түркия президенттери Сочиде жолугуп, өз ара түшүнүшүү тууралуу 10 пункттан турган меморандумга кол коюшкан.

Ага ылайык, 23-октябрдан тартып чек арадагы туурасы 32 чакырымды түзгөн тилкеге же буфердик аймакка орусиялык аскердик полиция жана Сирия өкмөтүнүн чек арачылары киргизилди.

Күрд куралдуу кошундары бул жерден 150 сааттын ичинде чыгып кетиши керек.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик жортуулун 9-октябрда баштаган. Расмий Анкара чек арасынан ары карай 32 чакырым аралыкта коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөй турганын айтып келген.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты