Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Арсенди эл аралык сынак жана олимпиадаларга ийгиликтүү катышуусу менен куттуктады.

«Сенин ийгиликтериң Кыргызстандын өсүп келе жаткан мууну интеллектуалдык жактан абдан өнүгүп жатканын, ачыктыгын, ийкемдүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Менталдык арифметика логикалык ой жүгүртүүнү, аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, билимди системага салууга жардам берет. Мугалимдер балдардын болгон дараметин ачыш керек, алардын тилди үйрөнүүсүнө туура багыт жана дем бериши абзел».

Премьер-министр Арсендин ийгиликтерге жетишүүсүнө салым кошкон апасына жана устатына ыраазычылык билдирди.

Арсен Рахымбековго премьер-министр белек берди.

«Калькулятор бала» атка конгон Арсен Рахымбеков жакында Россиянын «Удивительные люди» программасында сандарды укмуштай тездик менен кошуп, көбөйтүп, көрүучүлөрдү абдан таң калтырган.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты