​Жээнбеков Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Токио шаарында жолугушту.

Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ парламенттер ортосундагы мамилелер, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу тармактарында Кыргызстан менен өнүгүп жаткан байланыштарды канааттануу менен баса белгиледи.

Синдзо Абэ көптөгөн багыттар боюнча, анын ичинде жогорку сапаттуу технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков кичи жана орто ишкердиктеги чоң дараметин белгилеп, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Ал япон компанияларынын Кыргызстанда бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга жогорулап бара жаткан кызыгуусун канааттануу менен баса белгилеп, алардын ийгиликтүү ишмердигин белгиледи.

Япониянын Премьер-министринин көңүлүн Кыргызстандын гидроэнергетикалык чоң дараметине бурду.

«Бизде кичи гидроэлектростанцияларды курууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүү максатында жакынкы убакта Японияга тиешелүү делегацияны жөнөтүүгө даярбыз» деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбеков Япониянын премьер-министри Синдзо Абэни Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты