​Новосибирскиде кыргызстандыктар катышкан мушташ боюнча 12 кылмыш иши козголду

  • 4 года мурун

Орусиянын Новосибирск шаарындагы базарда кыргызстандыктар катышкан жапырт мушташ фактысы боюнча жалпысынан 12 кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, базарда иштеген 100дөн ашык киши суракка алынып, алардын арыздарынын негизинде соодагерлерден опузалап акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө 12 кылмыш иши козголгон.

Буга чейин Орусиянын укук коргоо органдары «Бейбаштык» жана «Опузалап акча талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогону кабарланган. Орусиянын эки жараны шектелип кармалып, камакка алынган.

7-октябрда Новосибирск шаарындагы базарлардын биринде ок атуу менен коштолгон жапырт мушташ чыккан. Ага 200 киши катышып, 50гө жакыны кармалган.

Кийинчерээк базарда жашылча-жемиш саткан борбор азиялыктар алардан акча опузалап жүргөн кылмыштуу топко каршы чыгышканын билдиришкен. Топтун мүчөлөрүнүн арасында теги кыргызстандык орус жарандары бар.

Сүрөт: КР ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты