Икрамжан Илмиянов сотто күнөөсүн мойнуна алган жок

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурдагы президенттин кенешчиси Икрамжан Илмияновдун соту улантылып жатат.

Сурак учурунда мурдагы кенешчи күнөөнү мойнуна алган жок. Ал 40 күбөнүн бирөөнү гана партиялашы катары таанырын, калганын тааныбай турганын айтты.

Илмиянов Беларусь фирмасы тууралуу кылмыш ишинин материалдарынан гана окуганын, аларды тааныбаганын кошумчалады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өткөн жылдын 20- октябрында УКМКнын тергөө абагына камалган.

Икрамжан Илмиянов 150 миң АКШ долларын мыйзамсыз алган деп коррупцияга шектелүүдө.

Анын УКМК абак жайында камалуу мөөнөтү 11-ноябрга чейин чейин узартылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты