Путин: «Түркия менен «тагдыр чечүүчү» макулдашууга жетиштик»

  • 4 года мурун

Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган Евфрат дарыясынын чыгыш тарабындагы сириятүрк чек арасын биргелешип көзөмөлдөө тууралуу макулдашты.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Мамлекет башчылар кол койгон меморандумга ылайык, сириялык күрт кошуундары 150 сааттын ичинде Сириянын Түркия менен чектешкен, кендиги 30 чакырымды түзгөн тилкеден толугу менен чыгып кетиши керек.

Дээрлик алты күн алты саатка созула турган бул убакыт ичинде ок атылбашы керек. Андан соң Түркия менен Орусия аймактагы коопсуз тилкени биргелешип күзөтүшөт.

Эрдоган 22-октябрда Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Алардын ортосундагы сүйлөшүүлөр алты саатка созулуп, башкы тема Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын аскердик операциясы болду.

Путиндин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Сириянын түндүгүндөгү абалды биргелешип жөнгө салуу планын иштеп чыгышты.

Орус президенти бул чечимди «өтө маанилүү жана тагдыр чечүүчү» деп атады.

Эрдоган Сириянын аймагындагы «коопсуздук тилкесине» Түркиядагы сириялык качкындардын бир бөлүгү жайгаштырылышы мүмкүн экенин билдирди.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы күрт кошуундарына каршы «Тынчтык булагы» операциясын 9-октябрда баштаган. Анкара бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөөрүн билдирген. Бирок АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын аракетин кескин айыпташкан.

17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын беш күнгө токтото турууга макул болгон. 22-октябрда бул мөөнөт бүтөөр алдында сириялык күрт кошуундары макулдашуунун талабын аткарып, аймактан чыгып кетишкенин билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты