​Учакта мас жүргүнчүнү отургучка байлап коюуга туура келген

  • 5 лет мурун

«Uzbekistan Airways» авиакомпаниясынын Нью-Йорк-Ташкент каттамы менен учкан жүргүнчүсү 21-октябрда учакта чыр чыгарган.

Авиакомпаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, 51 жаштагы жүргүнчү мас абалында болгон. Ал учактагы өз ордуна отуруудан баш тартып, аны тынчытууга аракет кылган борт коштоочулар менен башка жүргүнчүлөргө кыйкырып, аларды кемсинткен.

Чыр чыгарган жүргүнчүнүн колун кайрып, отургучка байлап коюуга туура келген. Ташкент аэропортуна келгенден кийин Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Транспорттогу коопсуздукту камсыз кылуу башкармалыгынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты