​Жээнбеков Япониянын парламентарийлери менен кызматташуу келечегин талкуулады

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 22-октябрда Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарында лидери Гэн Накатани жетектеген «Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер ортосундагы өз ара мамилелер боюнча пикир алышуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын тарыхый окуясы — Император Нарухитонун такка отуруу аземине катышуу ал үчүн сыймык экендигин, байыркы япон салттарынын сакталып келиши ага чоң таасир калтырганын баса белгиледи.

Кыргызстан Япония менен достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Сүрөт : Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты