Жээнбеков Японияда мекендештер менен жолугушту

  • 4 года мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында мекендештери менен жолугушту. Жолугушуу Токио шаарында болуп өттү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Япония Кыргызстанга эгемендүүлүк алгандан бери колдоо көрсөтүп келе жатканын, жардамдын жалпы суммасы 1 млрд. АКШ долларынан ашуун каражатты түзгөнүн эске салды.

«Мени биздин жаштардын Япониянын алдыңкы технологияларын, япон тилин, тарыхын жана маданиятын изилдеп жатканы кубандырууда. Япониянын технологиялык жетишкендиктерин колдонуу, илим, билим берүү жана башкаруу тармактарында ийгиликтүү тажырыйбаны өздөштүрүү Кыргызстандын келечеги үчүн абдан маанилүү» деп баса белгиледи Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты