Чокулардын бирине Усубалиевдин ысымы ыйгарылды

  • 4 года мурун

Кыргыз кырка тоолорунун 4650 метр чокусунун бирине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз эл баатыры Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылды.

20-октябрда альпинисттер тобу өкмөттүн алдындагы жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев менен бирге “Салык” мөңгүсүнө жакын жердеги чокуга чыгып, чокуга Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылышы тууралуу жазууну орнотуп келишти.

Альпинисттер 18-20-октябрда аталган агенттиктин олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен барды. Алардын бюджетинен бул иш-чарага 45 миң сом бөлүндү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты