​Бишкекте балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү турак-жайлуу болушту

  • 5 лет мурун

Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсүнө турак жай берилди.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Муниципалдык мүлк башкармалыгы аларга Фучик көчөсүндөгү 18- муниципалдык жатаканадан бөлмө берди.

Бөлмөнүн ачкычын мунициалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев тапшырды.

Бөлмө алган Бекжан Үмөталиев экинчи топтогу майып. Инсультка кабылганда жана оор операциядан кийин батирин сатууга мажбур болгон. Буга чейин батир жалдап жашап келген. Ал короо шыпырып иштейт.

Азиза Тагаева эки баласын өзү жалгыз тарбиялайт.

Бул — майып кишилерге берилген үчүнчү турак жай. Дагы кезекте 33 киши турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты