​“Апрель” телеканалы укук коргоо уюмдарына жана медиа коомчулукка кайрылды

Оппозициялык “Апрель” телеканалы укук коргоо уюмдарына жана медиа коомчулукка жардам сурап кайрылды. Эфирге чыгууга укук берген күбөлүгү, лицензиясы күчүн жоготпогонун айтат. Ага карабай «Санарип технологиялар»жоопкерчилиги чектелген коому аларды эфирге чыгаруудан баш тартканын билдирди.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

-“Апрель” телеканалы эфирге чыга албай жатат. “Санарип технологиялар” жоопкерчилиги чектелген коому уруксат берген жок. Аталган коомдун директору Кубат Оторбаев “Апрель” телеканалынын мүлкү камакка алынганына шылтайт. Анын негизинде телеканалдын “Санарип технологиялар” жоопкерчилиги чектелген коомундагы үлүшү да камакка алынган.

Бирок телеканалдын үлүшүнүн камакка алынышы биз аны пайдалана албайбыз дегенди билдирбейт. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкү үчүнчү тарапка берилип кетпесин деп гана камакка алынган.

“Апрель” телеканалынын эфирге чыгарылбай жатышын Кыргызстандагы сөз эркиндигинин кысымы катары баалайбыз. Мында “Санарип технологиялар” ЖЧК жетекчилиги бул кампанияны уюштуруучулардын колундагы эрксиз куралы болуп калды.

Тилекке каршы, оппозициялык канал калбай калды. Кимдир-бирөөлөр менен келишип кетишти, кимдир-бирөөлөрдү коркутуп алышты. “Апрель” телеканалы келишүүгө барбай, маалымат саясатын өзгөртпөй койгондо, аны бөгөттөп салышты.

Биз укук коргоо уюмдарына жана медиа коомчулукка Кыргызстандагы көз каранды эмес жана оппозициялык каналдардын эркин эфирге чыгышын камсыздоо үчүн бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө чакырабыз -дешет «Апрель» телеканалынын жамааты.

9-августта Улуттук коопсуздук комитетинин 15 тей атайын кызматтагы адамдары барып, «Апрель» телеканалынын ишин токтоткон.

12-августта соттун чечими менен телеканалдын иши расмий токтотулган.

Телеканалдын ээси Алмазбек Атамбаев камакка алынган. Мурдагы президент Атамбаевдин мүлкү камакка алынган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты