​Милицияда иштеген экөө жарандын автоунаасына баңгизат таштаттырган

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы жана ИИМ ички иликтөө кызматы менен бирге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктаган.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Анда жеке ишкер «П.Р.» бизнесин рейдерлик басып алуу максатында буйрутма боюнча куугунтукталган.

Февраль айларында жогоруда айтылган баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери жабырлануучунун мурунку жубайы «П.В.» менен сыйлык акыга «П.Р.» автоунаасына баңгизат- 32 гр гашиш таштаган. «П.Р.» баңгизат сактоого шектүү болуп кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери «Ч.Д.» жана «Б.У.» камак жайына киргизилген.

Бул материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, 340-беренеси, кылмыш жасады деп мыйзамсыз айыптоо,, 341-беренеси, жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлоо жана 342-беренеси, далилди бурмалоо боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты