​Өкмөт шаардын борбордук бөлүгүндөгү май куюучу жайларды коопсуз жакка көчүрүүнү колдойт

  • 4 года мурун

Өкмөт шаардын борбордук бөлүгүндөгү май куюучу жайларды коопсуз жакка көчүрүүнү колдойт.

Бул тууралуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгү боюнча кеңешмеде өкмөт бавшчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Кеңешмеде объектилерди куруудагы жана пайдаланууга берүүдөгү нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча иштер тууралуу маалыматтарды укту.

Өкмөт башчы абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды азайтуу, ошондой эле билим берүү мекемелерин, бала бакчаларды жана ооруканаларды куруудагы көзөмөлдү күчөтүүгө басым жасады. Зыянсыз жана экологиялык жактан таза материалдарды пайдалануу керектигин эске салды.

Муну менен катар Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирге май куюучу станциялардын ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүүнү тапшырды.

«Өкмөт баш калаанын борбордук бөлүгүндөгү май куюучу станцияларды, адамдардын ден соолугу үчүн тобокелчиликтерди азайтуу үчүн коопсуз районго көчүрүү демилгесин колдойт. Бул биздин борборубуз үчүн маанилүү», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты