Кара-Суудагы иштен кеткен аткаминердин ишин Коопсуздук кеңеши көзөмөлдөйт

  • 4 года мурун

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысынын ишин өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Каршылык көрсөткөн эмгек жамааты жетекчилик алардан 1000 доллардан талап кылганын айтышкан. Учурда бул маалыматты укук коргоочулар текшерип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, башкармалыктын башчысы Шариповдун ишмердүүлүгүнө нааразы болгон эмгек жамаат анын кайрадан кызматка дайындалышына каршы болуп, 17-октябрда иш таштай турганын билдиришкен. Буга байланыштуу Марат Шарипов өз арызы менен ээлеген кызматын тапшырган.

Мекеменин юристи Майрамбек Бойтоевдин айтымында, коллектив буга чейин Шариповдун орой мамилеси жана коррупциялык иштери боюнча Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин башчысына арызданып, комиссия түзүлгөн. Натыйжада атайын комиссия аны ээлеген жумушунан бошоткон, бирок бир аз убакыттан кийин кайра ошол эле кызматта ишмердүүлүгүн уланткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты