​Шаар кеңеш жыйынында Эски аянтка Усубалиевдин ысымын ыйгаруу маселеси каралат

  • 4 года мурун

Бишкек шаардык кеңешинин жыйыны 23-октябрда өткөрүлөт.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Сессияда шаардык депутаттар мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын борбордун эски аянтына ыйгаруу маселесин карайт.

Андан тышкары күн тартибиндеги 12 маселенин ичинде мэриянын бир катар башкармалыктарынын отчету, муздак суу тарифи ж.б. бар.

Быйыл мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин туулгандыгынын жүз жылдыгы белгиленет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты