Парламенттик делегация Литва сейминде жолугушууларды өткөрүүдө

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Вильнюс шаарында бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Литва парламенти — сеймдин төрагасы Викторас Пранцкетис менен жолугушууда эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын бекемдөө, мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин сүйлөштү.

Ошондой эле кыргыз тарап Литва парламентинин депутаттарына Кыргызстандагы парламенттик система тууралуу кеңири маалымат берди.

“Литва менен Кыргызстан дээрлик бирдей саясий системада жашайт. Эки өлкө тең адам укуктарын жана демократиялык баалуулуктарды бекем карманат» деди Дастанбек Жумабеков.

Литва парламентинин төрагасы Викторас Пранцкетис эки өлкө депутаттарынын достук топторунун алкагындагы байланыштарды мындан ары дагы бекемдөө зарылчылыгына токтолду.

«Ал эми соода-экономикалык кызматташуу боюнча Литва Кыргызстан тараптын баардык сунуштарын карап чыгууга даяр. Биздин өлкөнүн темир жол байланыштары көп өлкөлөрдү туташтырат, ал эми деңиз порту аркылуу 65 өлкөнүн деңиз порту менен карым-катыш жүргүзсө болот» деп кошумчалады Викторас Пранцкетис.

Делегация курамында депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты