​Депутат Карамушкина Батукаев боюнча мурдагы президенттин соту неге жабык өтүп жатканына кызыкты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 17-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Ирина Карамушкина кримтөбөл Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот эмне үчүн жабык өтүп жатканы боюнча Президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.

-Экс-президенттин соту неге жабык өтүп жатат? Неге соңку беттештирүү сыр болуп калды? Эгер укуктуу талаада иш алып барабыз десеңер, анда эмнеге соттор жабык өтөт?
Бул бир гана нерсени билдирет, мында бийлик эмес, экс-президенттики туура болуп жаткандыгын,-деди Карамушкина.

Криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Бишкектин Биринчи май районунда сот отуруму өтүүдө.

Сот отурумду жабык кароо боюнча чечим кабыл алган.

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты