​Депутат футбол боюнча курама команданы мамлекет колдоого алышы керектигин билдирди

  • 4 года мурун

Бүгүн, 17-октябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын колдоого алуу сунушу менен чыкты.

Төрөбаев соңку мезгилдеги футбол боюнча курама команданын жаратып жаткан ийгиликтерине, жеӊиштерине токтолду.

«Курама команда Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп келет. Муну менен элдин биримдиги, ынтымагы бекемделүүдө. Дүйнө жүзүндө ар бир экинчи адам футболго кызыгат. Бул керек болсо идеологияга айланат»,- дейт эл өкүлү.

Мамлекет элдин башын бириктирчү оюн экенин, ал биримдиктин символу болуп калаарын айтып, мамлекет элдин сүйүнүчү менен теӊ бөлүшүп, кыргыз курама командасын колдоого алышы керектигин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты