Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактарды кантип чечсе болот?

Эки өлкөнүн башчылары бул маселени чечүүдө саясий эркин көрсөтмөйүнчө абал курч бойдон кала берет.

Бул макаланын түп нускасы CABAR.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырым, анын 472 чакырымы 1991-жылы СССР кыйрагандан бери демаркацияланган эмес жана көп учурларда айдоо жер, сугат, ичүүчү суунун айынан жана жол колдонуудан талаш-тартыштар болуп келет. Жергиликтүү тургундардын ортосундагы чатактар көп учурда эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын ортосундагы куралдуу кагылышууларга айланат.

Эксперт Асел Мурзакулова кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди бир нече жылдан бери изилдеп келет. Ал эки тараптын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүгө кандай факторлор тоскоол болуп жатканын мындайча түшүндүрдү:

CABAR.asia: Чек ара маселеси ар чыр-чатак чыккан сайын саясатчылар тарабынан көтөрүлүп келет. Бирок, эмне үчүн бул маселени чечүүдө эч кандай жылыш болбой жатат?

Асел Мурзакулова: Чек ара маселеси — Дүйшөмбү жана Бишкек үчүн чоң саясий чыгымдар менен байланышкан өтө сезимтал маселе. Акыркы окуялар тараптардын маселени күч менен чечүүдөн дагы кайра тартпай турганын көрсөттү жана бул жагынан популизм, тагыраак айтканда, бийликтин күчүн көрсөтүү дагы эле үстөмдүк кылат. Ошентсе да, бул көйгөй аймакта жаңы жаралып отурган жок. Жакында эле, 2000-жылы эки тарап буга чейинки талаш жерлерде көзөмөл бекеттерин орнотушкан болчу жана аларды бара-бара жок кылууга мажбур болушту; кээ бир учурларда аны жергиликтүү тургундардын басымында жасаса, айрымдарын эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишкен.

Популизм чек ара сыяктуу сезимтал маселеде өтө каргашалуу тандоо болуп саналат жана көп эле учурларда саясий эрктин жоктугун жашыруу үчүн колдонулуп келет. Саясий эрк өз ара эпке келүүну билдирет. Бул кыска мөөнөткө өз кызыкчылыктарга доо кетириши мүмкүн, бирок узак мөөнөттөн алып караганда пайда гана алып келет. Азыркы башчылар бул жүктү көтөрүүгө даяр эмес, анткени ал элдин колдоосун жоготууга алып келет.

— Чыр-чатактардын себептери эмнеде?

— Чыр-чатактар чек ара такталбай жатканынан улам пайда болот деп айтуу туура эмес. Чек ара чатактары жергиликтүү эл өзүн коопсуз сезбегенден жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан келип чыгат. Алардын колу жеткени жалгыз гана чек ара сакчылары болуп турат.

Элге эмне керек? Аларга коопсуздук керек. Айыл жеринде куралчан адамдардын ээн-эркин жүрүүсү көнүмүш адат болуп, паспорт текшерип коюп жүргөнү коопсуздук болуп саналбайт, коопсуздук – бул базарга, ооруканага, мектепке көзөмөл бекеттерисиз коопсуз жол менен баруу болуп эсептелет.

— Чек ара аймактарынын ресурстарын башкаруу жана бөлүштүрүүдө советтик ыкманы колдонсо болобу?

— Бул тажрыйбаны колдонуу кыйын болуп жатканынын негизги себеби – башкаруунун эффективдүү болбой жаткандыгы. Бул бир дипломаттарга гана тиешелүү эмес комплекстүү маселе.

Бул жерде жергиликтүү бийлик дагы, суу инженерлери дагы иштеши керек. Тагыраак айтканда, комплекстүү башкаруу зарыл. Учурда мындай комплекстүү башкаруу жок. Мындан тышкары, эки өлкөнүн жаратылыш ресурстарын башкаруудагы ыкмалары эки башка жана бул айырма маселеге комплекстүү ыкманы колдонууну кыйла чектейт.

Азыркы учурда бардык келишпестиктер божомолдуу бир чек ара сызыгына байланган. А чындыгында бардык ирригациялык каналдар өлкөлөр аралык (трансграничный) мүнөзгө ээ жана бул нерсе эки өлкө ортодо колдонгон жолдору жана башка инфраструктуралык курулуштарына дагы тиешелүү нерсе.

Бул маселелерди чечүү жөнүндө кеп кылып жатканда, биз кайсыл моделдерге таянып жатканыбызды түшүнүшүбүз керек: көптөгөн чакырымга созулган чек ара тосмолорбу же Европа Биримдигиндей ачык чек арабы? Эгер экинчисин тандасак, анда бизде бул маселеде буга чейин болгон мурасыбызды сактап калганыбыз туура.

— Эмне үчүн акыркы жылдарда куралдуу кагылышуулар көп болуп келди?

— Тараптар тартипти катуу бийлик аркылуу кармап турабыз деп терең жаңылууда. Алар мындай ойдо болгон сайын чатак көбөйө берет. Бул өзүнөн-өзү аткарыла берген божомолдоо сыяктуу. Аймактарда курал колдонууну жоготуу үчүн эки өлкөнүн укук коргоо органдары биргеликте иш алып барып, жергиликтүү тургундардын сот адилеттигине жетишин камсыз кылып бериши зарыл.

Бул жерде талаш аймактардагы орун алган мыйзам бузууларды иликтөө үчүн ички иштер министрлигинин деңгээлиндеги туруктуу бир ыкчам аракет көргөн топ болушу керек. Мындай топтордун калыс иш алып баруусу, аймактагы чыңалууну кыйла басаңдатат. Азырынча, жергиликтүү жашоочулар мындай мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес.

Адамды эч ким коргобой койгондо, ал өзүн коопсуз сезбегенде гана тишине чейин куралданат. Мындай учурда, албетте, эл өзү куралданып баштайт. Алар адилетсиздикти сезип кейиштүү абалда турушат. Мындай жагдайда ар тараптуу ыкма керек, себеби баарына бирдиктүү чечим жок.

— Бул маселе эки тараптын ММКларында кандай чагылдырылып жатат?

— Массалык маалымат каражаттары өздөрү тараптын гана жабырлануучулары жөнүндө айтканын токтотуп, эки тараптын тең жабыр тарткандары жана жоготуулары тууралуу маалымдашы керек. Журналисттер өз макалаларында күнөөлүүлөрдү издей тургандай алар прокурор эмес.

ММКнын ролу – окуя болуп жаткан жерден маалыматты калыс, бейтарап чагылдырып, ой-пикирлерди берүүдө балансты сактоо. Журналисттер серепчилердин пикирлерин сейрек беришет. Мындай учурда маселенин оң жакка чечилишине, жакшы натыйжаларды жаратууда деңгээли мыкты серепчилердин пикирлери дагы чоң роль ойнойт.

Сүрөт CABAR.asia’ныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты