​Милиция жер басып алуу боюнча кармалгандарды кое берди

  • 4 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук милициясы Жазык кодексинин «жер тилкес ин өзүм билемдик менен ээлеп алуу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш баштады. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Жер басып алуу боюнча кармалган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилди.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын айтымында 15-октябрда, 100 гө жакын киши Биринчи май районунун “Калыс ордо” жаңы конушунан муниципалдык 7 гектар жер аянтын басып алууга аракет кылышкан.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты