​Депутат Акаев Түркиядагы элчинин «Ыйман» фондусуна акча сураганын сындады

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш депутаты Жанарбек Акаев Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиядан «Ыйман» фондуна каражат сураганы тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын пикирине кызыкты.

— Өткөндө бир окуя болуп, Түркиянын элчиси «биз силерге мечит салып бергенбиз, жардам берип атабыз» деп айтып чыккан. Жардам сурап жүрүп ушундай сөздү угушубуз керек беле? Динге, окутууга кандай каражат кетет? Экономика жана башка маселелер менен иштешибиз керек. Бирок ушул багытка элчибиздин акча сурашы кандай көрүнүш? Бул боюнча мамлекеттин позициясы барбы? — деди Акаев бүгүн, 16-октябрда, парламент жыйынында.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия төрагасы Зайырбек Эргешов элчинин сөзү жалпыга маалымдоо каражаттарында туура эмес чагылдырылып калганын айтты:

— Буга чейин Түркия «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондуна өз демилгеси менен жардам көрсөткөн. ЖМКда маалымат туура эмес берилип калды. Себеби бул эки өлкөнүн ортосундагы келишим боюнча Түркия жардам берүү тууралуу демилге көтөргөн. Элчи мырза ушул жөнүндө сөз кылса керек.

Буга чейин элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия президентинин алдындагы Дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаш менен жолуккан учурда Кыргызстандагы «Ыйман» фондусу үчүн 5 млн. АКШ долларын сураган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдаган.

Бул каражат «Ыйман» фондунун 2019-2022-жылдары Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо боюнча долбоорлорго бөлүнүүчү түрк грантынын экинчи траншы болуп эсептелет.

Өмүралиевдин маалыматында, 2015-2019-жылдарга түрк тараптан бөлүнгөн 5 млн. доллар имамдарды окутууга, билими менен дараметин көтөрүүгө, стипендияга, Insan.KG аттуу маалымат порталын түзүүгө кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты