Кой-Таш окуясы боюнча комиссия айыл тургундары менен жолугушту

  • 4 года мурун

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия мүчөлөрү Кой-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Комиссиянын өкүлдөрү айылдагы бир катар объекттерге анын ичинде турак үйлөр, өрттөнүп кеткен айылдык милиция бөлүмүнө барды.

Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунушу менен мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтүн 1-ноябрга чейин узартылган.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан мурдагыф президент Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болгон.

Кыргызстандын мурдагы президенти Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты